Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 2-октябрындагы № 549
2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекитүү жөнүндө
Өзгөрүп жаткан климатка Кыргыз Республикасынын экологиялык-экономикалык тутумдарын адаптациялоо жана Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 549 токтому менен бекитилген |
Соңку ондогон жылдардын ичинде климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери айлана-чөйрө, экономика жана калк үчүн эл аралык коомчулуктун алда канча актуалдуу глобалдуу проблемаларынын бири болуп калды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы менен биргеликте жүргүзүлгөн эксперттик талдоосу климаттын артка кайткыс өзгөрүшүнө өтүү көз карашында Кыргыз Республикасындагы кырдаалды кыйчалыштуу деп санайт. 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу учурунда эксперттер жүргүзгөн алдын ала эсептөөлөр климаттын өзгөрүшүнүн эң жагымсыз сценарийлери боюнча 2100-жылга карата ар жылдагы экономикалык зыян республика үчүн 64800 млн сомду түзүшү мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Климаттын өзгөрүшү турмуш деңгээлин жогорулатуу боюнча өлкөнүн күч-аракеттерине терс таасир этиши мүмкүн, буга байланыштуу улуттук климаттык саясатты, өзгөчө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өтө зарылчылык болуп калууда.
Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттары бүткүл дүйнөдө калктын эң кедей топторунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн болуп көрбөгөндөй күч-аракеттерге дем берди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык коом жана эл аралык институттар 2015-жылга чейинки мезгилге ото кедейлик көрсөткүчтөрүн кыскартуудан тартып экологиялык туруктуулукту жана баарына жалпы билимди камсыз кылууга, балдардын өлүмгө учурашын кыскартууга жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга чейинки милдеттердин бүтүндөй спектрин аткарууну өзүнө алды. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу 2015-жылдан кийин Мин жылдыктын өнүктүрүү максаттарын жүзөгө ашыруудагы жетишкендиктерди бекемдөө боюнча стратегиянын бир бөлүгү катары каралууга тийиш.