Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин РЕГЛАМЕНТИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561, 2020-жылдын 20-августундагы № 427, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 , 2025-жылдын 20-августундагы № 505 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорлоо ишине мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана илгерилетүү аркылуу катышат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзам чыгаруу демилгеси укугун мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык (пландуу мыйзам долбоорлору) же бул пландан тышкары (пландан тышкары мыйзам долбоорлору) киргизүү аркылуу ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Министрлер Кабинети үчүн:
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар (мындан ары - министрликтер жана ведомстволор) тарабынан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды белгиленген тартипте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүү. Мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет;
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленгендерди кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна расмий корутунду берүү;
- Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүнү камсыздоо, мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыздоо максатында анын ишине катышуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында мыйзам долбоорлоо иштеринин аткарылышын контролдоо;
2) Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү үчүн:
- Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңеште Өкмөттүн кызыкчылыгын билдирүүнү камсыз кылуу;
- Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу демилгелерин өткөрүү маселелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин координациялоо;
- мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоо жана Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте каралуу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилге кылынган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин түзүү;
- Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу боюнча расмий өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, мыйзам чыгаруу демилгеси катары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин ишине катышуу;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) үчүн:
- министрликтер менен ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо;
- ушул Регламенттин 9-пунктуна ылайык Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын түзүү, аны белгиленген тартипте Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү, ошондой эле анын аткарылышын контролдоо;
- мыйзам долбоорлоо иштери маселелери менен иштеген эл аралык уюмдардын ишин координациялоо жана алар менен иш алып баруу, алар жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларга комплекстүү экспертиза жүргүзүү жана белгиленген тартипте Өкмөткө киргизүү;
- Эл аралык гуманитардык укукту жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-усулдук жана техникалык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү;
- министрликтер жана ведомстволор тарабынан иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу;
- бир мыйзамдын долбоорунда редакциялык-техникалык мүнөздөгү (тармактык маселелерди козгобогон) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган оңдоолорду жалпылоо жана мындай мыйзам долбоорлорун Президенттин Администрациясына жылына эки жолудан көп эмес киргизүү;
4) министрликтер жана ведомстволор үчүн:
- мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу жана талдоо;
- мыйзам долбоорлорун Министрлер Кабинетинин тиешелүү жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу;
- министрликтер жана ведомстволор расмий өкүлдөрү болуп саналган, Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыктарын Жогорку Кеңеште билдирүүнү камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши пландык да, ошондой эле пландан тышкары негизде да жүзөгө ашырылат. Министрликтер менен ведомстволордун пландуу мыйзам долбоорлоо иши Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планына (мындан ары - План) ылайык жүргүзүлөт.
Мыйзам долбоорлорунун өз убагында жана сапаттуу иштелип чыгышы, алга жылышы үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мыйзам долбоорлоо иши боюнча Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу министрлерден, мамлекеттик комитеттин төрагасынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, орун басарлардан турган мыйзам долбоорлору боюнча расмий өкүлдөрүнө жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Пландын аткарылышы жана мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ушул Регламентте белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Президенттин Администрациясында - тиешелүү бөлүмгө;
- министрликтерде жана ведомстволордо - жетекчилерге, ошондой эле алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Министрликтерде жана ведомстволордо мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана алардын Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш менен өз аракеттенүүсүн камсыз кылуу жетекчилерге, алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишинин алкагында документтер менен иштөө тартиби ушул Регламентте, Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенттери жана министрликтердин жана ведомстволордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү ички ведомстволук актылары менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Пландын долбоорун даярдоо
9. Планды Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине Министрлер Кабинети бекитет.
Пландын долбоору Юстиция министрлиги тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат:
- жалпы мамлекеттик жана улуттук программалардын;
- Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программалык жана стратегиялык документтердин;
- Президенттин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн жана тапшырмаларынын;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарынын;
- министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын;
- Элдик Курултайдын сунуштарынын;
- башка кызыкдар органдардын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын;
- жаңы мыйзамдарды кабыл алууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин;
- колдонуудагы мыйзамдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун натыйжаларынын.