Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 18-октябры № 569
Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды жана кыргыз республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө БУУнун Конвенциясына (Рамсар Конвенциясы) кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-апрелиндеги Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттар жана Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жыл сайын 10-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине Иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Иш-аракеттер планынын ишке ашырылышын координацияласын жана мониторингдесин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 569 токтомуна 1-тиркеме |
Суулуу-саздак жерлер суу ресурстарын сактоочу жана камсыз кылуучу баа жеткис жаратылыштык булак болуп эсептелет. Алар адамдардын ден соолугун жана бардарлыгын камсыздоочу кеңири чөйрөдөгү кызматтарды аткарышат, ошондой эле айлана-чөйрөнүн жана табигый процесстердин функцияларын камсыздоодо маанилүү ролду аткарышат.
Суулуу-саздак жерлердин жок болуу коркунучу эл аралык коомчулукта аларды сактап калуу боюнча иш-чаралардын узак мөөнөттүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл экендигин түшүнүүгө мажбурлады. Ушундан улам 1971-жылы бир топ мамлекеттер Иран Ислам Республикасынын Рамсар шаарында Суулуу-саздак жерлер жөнүндө конвенцияны (мындан ары - Рамсар конвенциясы) кабыл алышкан, ал негизинен суу канаттууларынын жашоочу жери катары эл аралык мааниге ээ.