Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 11-ноябры № 624
"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
1-берене.
"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" журналы, 2006-ж., № 36) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар
Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.