Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 15-ноябры № 60
Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө
(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2002-жылдын 21-январындагы № 9, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38, 2003-жылдын 27 мартындагы № 64, 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238, 2006-жылдын 27-январындагы № 25, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2009-жылдын 30-мартындагы № 105, 2009 жылдын 24-июлундагы № 245, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 265, 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2019-жылдын 29-мартындагы № 41, 2023-жылдын 16-февралындагы № 33, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮК ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-статья. Чарбалык шериктик жана коом жөнүндө негизги жоболор
1. Иш аракеттеринин негизги максаты пайда алуу болуп саналган үлүштөрүнө (салымдарына) бөлүнгөн уставдык капиталы бар коммерциялык уюмдар чарбалык шериктик жана коом деп таанылат. Катышуучулардын салымдарынан түзүлгөн, ошондой эле чарбалык шериктик жана коом тарабынан анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн жана сатылып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
2. Чарбалык шериктиктер жана коомдор толук шериктик, коммандиттик шериктик, венчурдук фонддордун коммандиттик шериктиги, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
3. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамына күчүн жоготту)
(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 238, 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар
1. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Уставдык капиталды түзүүнүн жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү, мүлктүн укуктук режими, ошондой эле башкаруу органдарынын ишинин өзгөчөлүктөрү, коммерциялык уюмдардын айрым түрлөрүнүн: банктардын, камсыздандыруу коомдорунун, биргелешкен ишканалардын жана башка чарбалык шериктиктердин жана коомдордун чарбалык ишин чектөөлөр ушул Мыйзам менен катар Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акталары менен жөнгө салынат.
(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)