Редакцияот 02.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 2-декабры № 649

Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы  «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун  ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит- кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүнө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Тиркелгендер жактырылсын:

«Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин  жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит – кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору:

Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук бакынын ортосундагы « Бишкек шаарынын  жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук  кредит- кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине 2-бөлүгүнө ылайык, аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай  Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук  кредит-кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене

Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит- кредиттик макулдашууну ратификациялансын

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти