Редакцияот 23.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 23-декабры № 698

Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги боюнча  иштеген уюмдардын, мекемелердин жана тшканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 2, 3 жана 6-январындагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө 2014-жылдын 11, 18 жана 25-январындагы де малыш күндөрүнө которулсун.

     2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр 

Ж.Сатыбалдиев