Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-январындагы № 2 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору (мындан ары - Борбор) үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-диагностикалык, билим берүү жана илим-изилдөө уюму болуп эсептелет, жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу жана жогорку квалификациялуу медицина кадрларын тартуу менен фтизиатрия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтөт, фундаменталдык жана колдонмо медицина жаатында дарылоо-профилактикалык, билим берүү ишин, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.
2. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга тийиш.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска ээ болгон, финансылык-насыялык мекемелерде эсептешүү жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар юридикалык жак болуп эсептелет.
7. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат, Борбор аларга карата жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашып жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары жана милдеттери бар.