Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 21-апрели №182
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 281-беренесинин талаптарын аткаруу, ошондой эле дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөрдүн кошумча нарк салыгын кайтарып берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Дипломатиялык жана ага теңештирилген өкүлчүлүктөрдү эсептик каттоо алардын турган жери (юридикалык дареги) боюнча "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөр сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча кошумча нарк салыгын бюджеттен кайтарып берүү максатында эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз" DОС STI-008 формасындагы арыздын негизинде жүргүзүлөт (1-тиркеме).";
- 11-пункт "ырастоону" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөр сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча кошумча нарк салыгын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө салык органынын чечими" DОС STI-010 формасы боюнча (2-тиркеме)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12 жана 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана аларга теңдештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ишин токтоткондо, ошондой эле дипломатиялык миссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасында болгон мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу чыгып кеткен учурда, чыгып кетүү күнүнө 30 (отуз) күн калганда, эсептик каттоодон чыгаруу жөнүндө арызды "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөр сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча кошумча нарк салыгын бюджеттен кайтарып берүү максатында эсептик каттоого алууну жокко чыгаруу жөнүндө арыз" DОС STI-009 формасы боюнча арыз берүүгө милдеттүү (3-тиркеме).
13. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер жана аларга теңдештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, ошондой эле "D" жана "Т" сериясындагы аккредитациялык картага ээ болгон алардын кызматкерлери эсептик каттоо жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөр сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарылып берилүүгө тийиш болгон кошумча нарк салыгынын суммасынын эсебин (мындан ары - эсеп) ар бир ай үчүн өз-өзүнчө берет, бул эсепке товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууну жана акы төлөөнү ырастаган, өкүлчүлүктүн башчысы же бухгалтери тастыктаган, төмөнкүдөй формалар боюнча документтердин көчүрмөсү тиркелет:
- FORM STI-068 "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөр сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча бюджеттен кайтарылып берилүүгө тийиш болгон кошумча нарк салыгынын эсеби" (4-тиркеме);
- FORM STI-069 "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөр жана/же өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча КНСтин эсеп-фактурасынын реестри" эсебинин тиркемеси (5-тиркеме).