Редакцияот 25.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 25-апрели №184

Иш күнүн которуу жөнүндө

Дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2011-жылдын 6-майындагы иш күнү 2011-жылдын 14-майындагы дем алыш күнүнө которулсун.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

    

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 26-апрелинде № 31 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев