Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 243 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 6-июлу №370
Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана аскердик багыттагы башка продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө
"Лицензиялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, куралдарды, аскердик техникаларды жана аскердик багыттагы башка продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону, импорттоону натыйжалуу контролдоо системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана башка аскердик багыттагы продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүктү камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №370 токтому менен бекитилген |
┌─────────────────────────────────────────────────────┬───────────────┐
│ Аскердик багыттагы продукциялар │ Категориясы │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤