Редакцияот 16.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-июну № 322

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун иштешин толук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомго 3-тиркеме төмөнкү мазмундагы 50 жана 51-пункттар менен толукталсын:

"

┌───┬─────────────────────────────────┬────────────┬──────────────────┐

│50 │Клуб, Орто-Токой поселкасы       │      1     │        57,4      │

│   │Айылчиев көчөсү, 20              │            │                  │

├───┼─────────────────────────────────┼────────────┼──────────────────┤

│   │Спорттук комплекс, Орто-Токой    │      1     │        18,0      │

│   │поселкасы, Айылчиев көчөсү, 19   │            │                  │

└───┴─────────────────────────────────┴────────────┴──────────────────┘

".

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп беришсин.

3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген объекттерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттердин сакталышын жана шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев