Редакцияот 19.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 19-сентябры №559

Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-ноябрындагы № 823 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо боюнча нускоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо боюнча нускоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-ноябрындагы № 823 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев