Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 26-октябры №674

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

2008-жылдын 15-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз өткөрүүнү болтурбоо жагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Ушул Жобого ылайык радиациялык контроль жүргүзүү мамлекеттик чек арадагы жана темир жол участогундагы төмөнкү өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин:

- "Ак-Тилек-автожолу", Чүй облусу, Ысык-Ата району, Чүй дарыясынын түштүк жээги (көпүрөнүн жаны, Хун-Чи айылынын чыгыш тарабы)(*);

- "Ак-Жол-автожолу", Чүй облусу, Аламүдүн району, Бишкек-Алматы а/ж 18-км(*);

- "Чалдыбар автожолу", Чүй облусу, Панфилов району, Чалдовар айылынын батыш чети Бишкек-Тараз автожолунун 98-км(*);

- "Чоң-Капка-автожолу", Талас облусу, Манас району(*);

- "Достук-автожолу", Ош облусу, Кара-Суу району, Ош-Анжиян автожолунун 5-км(*);

- "Кара-Балта" темир жол станциясы, Кара-Балта шаары, Чүй облусу, Жайыл району;

- "Кызыл-Бел - автожолу", Баткен облусу, Баткен району, Кызыл-Бел айылынын түштүк чет жагы(*);

- "Кайрагач - автожолу", Баткен облусу, Лейлек району (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы);

- "Манас - аэропорту", Чүй облусу, Сокулук району, Эл аралык "Манас" аэропорту;

- "Ош - аэропорту", Ош шаары, "Ош" аэропорту;

- "Кызыл-Кыя - темир жолу", Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, "Кызыл-Кыя темир жол" станциясынын 38-жол айрыгы;