Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу № 566
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 6-пунктун аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак-габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
- 1,2 жана 3-пункттардагы “**” белгилери алып салынсын;
- 6 жана 10-пункттардагы “*” белгиси алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи-бешинчи жана жетинчи абзацтары “*” белгиси менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү: *радиациялык контролдоо чек ара контролу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 5-пунктта: