Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 23-июлу № 515

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пункттагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "экономика жана стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "экономика жана инвестициялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

5-главанын экинчи абзацындагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

 

Кеңештин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.".