Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 13-майы № 215
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373, 2015-жылдын 23-сентябры № 658, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2016-жылдын 17-майындагы N 261, 2016-жылдын 21-июлундагы № 410 , 2017-жылдын 10январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Экономикалык кырдаалдардын өзгөрүшүн координациялоону жана натыйжалуу жооп кайтарууну ишке ашыруу, макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүүнүн механизмдерин чыңдоо, ошондой эле бул чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан чаралардын ырааттуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул токтомго тиркемеге ылайык курамда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешинин катчылыгы болуп Экономика министрлиги аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы N 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |