Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 29-августундагы № 475
“Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 92 918 123,7 миң сом жана сарптоолор боюнча 110 842 508,1 миң сом суммасында (операциялык сарптоолор 81 697 138,7 миң сом суммасында, финансылык эмес активдер 29 145 369,4 миң сом суммасында) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 17 924 384,4 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 17 924 384,4 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык багытталсын.
2-берене.