Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 346
Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы №258, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кошумча кесиптик билим берүү программасын жүзөгө ашырган жогорку жана орто кесиптик билим берүү жайларынын түзүмдүк бөлүмү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоонун, акысын төлөөнүн, сактоонун, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын кафедрасы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн окутуу-методикалык бирикмеси жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.