Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын
факультети жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окуу-илимий, административдик бөлүмү болуп эсептелет жана бир профилдеги же бир нече тектеш багыттар жана адистиктер боюнча жогорку, ЖОЖдон кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат, тийиштүү илимий жааттагы илимий изилдөө иштерин жүргүзөт.
2. Факультеттин жана башка бөлүмдөрдүн профили боюнча окуу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн кафедраларды, окуу лабораторияларын, илимий изилдөө лабораторияларды өзүнө бириктириши мүмкүн.
3. Факультет кафедраларда, лабораторияларда, башка бөлүмдөрдө окуу, окуу-методикалык, илимий изилдөө, илимий-методикалык ишке жетекчилик кылат.
4. Тигил же бул факультетти ачуунун максатына ылайыктыгы, жогорку окуу жайы (мындан ары - ЖОЖ) тарабынан өз алдынча, бар болгон каржы каражатынын көлөмүнө жараша аныкталат.
5. Факультет ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин факультетти ачуу жөнүндө чечиминин негизинде ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен төмөнкүлөр бар болгон учурда ачылат:
- материалдык-техникалык жана өндүрүштүк практикалык база;
- окуу процессин тийиштүү окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо;
- окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий-педагогикалык кадрлардын;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары жана адистиктери боюнча кесиптик билим берүү программаларында окутуу каралган дисциплиналарды илимий-теориялык, методикалык, уюштуруучулук деңгээлде окутууну камсыз кылган кадрлар;
- студенттердин контингенти кеминде 100 адамдан кем болбоого тийиш.