Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген |
1. Окуу китеби - бул конкреттүү бир дисциплинанын негизги окуу китеби. Анда окуучулар милдеттүү түрдө өздөштүрүүчү базалык билимдин системасы баяндалат. Окуу китебинин мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартынын (мындан ары - МБС) талабын канааттандырып, конкреттүү бир дисциплинанын программасын толугу менен ачуусу зарыл. Окуу китебинин аты МБСнын мамлекеттик компонентиндеги дисциплинанын атына шайкеш келиши керек.
2. Окуу куралы окуу китебине кошумча катары түзүлөт. Окуу куралы бүткүл дисциплинаны эмес, болжолдуу программанын бөлүктөрүн гана (бир нече бөлүмдөрүн) камтышы мүмкүн. Окуу куралы негизги окуу китебинен айырмаланып апробациядан өткөн жалпыга бирдей таанылган билимди жана жоболорду гана эмес, тигил же бул проблемалар боюнча ар түрдүү пикирлерди, ойлорду да камтышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) окуу басылмаларын билим берүү уюмдарында колдонууга гриф берүү процедурасы аркылуу уруксат берет.
4. Министрликтин грифи окуу басылмасы кесиптик билим берүүнүн МБСна, болжолдуу программаларына жана башка нормативдик талаптарына жооп берээрин далилдейт. Грифтин текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
окуу басылмаларынын түрү;
дисциплина, предмет (сабак) боюнча окуу программасына (негизги же кошумча) ылайык басылманын предметтик мазмуну;
билим берүү уюмунун түрүнө, даярдоонун даражасына, окутуунун деңгээлине жана окурмандын категориясына жараша окурмандык дарек (арналышы).
5. Министрликтин грифи титул барагынын тышында башкы маалыматтарда орун алат. Грифтин редакциясын чыгаруучу же автор тарабынан өзгөртүүгө болбойт.
6. Окуу китебинин же окуу куралынын титул барагынын арт жагында кол жазмага оң корутунду жазган рецензенттин аты-жөнү жазылат.