Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
10-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) студенттерин учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны жүргүзүү жөнүндө ушул жобо ЖОЖдордун студенттерин учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны жүргүзүүнүн жана академиялык карыздарын жоюунун тартибин аныктайт.
1. Студенттерди учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо (зачеттор, экзамендер, модулдар, текшерүү иштерин, рефераттар, докладдар, оозеки суроолор) - ЖОЖдордун студенттеринин окуу материалын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын билим берүүсүнүн минимумуна жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн даярдалыш деңгээлине карата талаптарына ылайык өздөштүрүүсүнө контрол жүргүзүү.
2. Студенттердин жетишүүсүн учурдагы контролдоо (мындан ары учурдагы контролдоо) - семестр ичиндеги оперативдүү контролдоо жана тийиштүү дисциплиналарды модулдар, оозеки суроо, рефераттар, докладдар текшерүү иштери түрүндө үйрөнүү процессинде логикалык жактан бүткөрүлгөн бөлүмдөрү (модулдар жана главалар) боюнча студенттердин билим деңгээлин жана окуу материалынын өздөштүрүүсүнүн даражасын баалоо.
3. Студенттердин жетишүүсүнүн орто аралык аттестациясы (мындан ары - орто аралык аттестация) - семестр аяктаганында (экзамендик сессия убагында) окуу планы тарабынан ушул семестрде үйрөнүлүшү каралган дисциплиналар боюнча зачетторду жана экзамендерди кабыл алуу жолу менен милдеттүү контролдоо.
4. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны өткөрүү формасы ЖОЖ тарабынан аныкталат, семестрдин башталышына карата студенттерге маалымдалат.
5. Экзамендер билимдердин жана окутуунун сапатын орто аралыктык контролдоонун негизги формаларынын бири болуп эсептелинет жана студенттин семестр ичиндеги ишин, теориялык билимдерди өздөштүрүү деңгээлин баалоо, өз алдынча иштөө, алынган билимдерди синтездей жана аларды практикалык, кесиптик милдеттерди чечүүдө колдоно алуу көндүмдөрүн текшерүү максатын көздөйт.
6. Дисциплина боюнча экзамен жок учурунда зачеттор студенттин теориялык билимдерин баалоонун формасы болуп эсептелинет, ошондой эле студенттер тарабынан лабораториялык жана эсептик-графикалык иштердин, курстук долбоорлордун (иштердин), практикалык жана семинардык сабактардын жана окуу сабактарынын башка түрлөрүнүн аткарылышын текшерүү формасы катары кызмат кылат.
7. Студенттердин жетишүүсүн баалоонун модулдук рейтингдик системасы - семестр ичинде тийиштүү дисциплиналарды логикалык жактан бүткөрүлгөн бөлүмдөрү (модулдар жана главалар) боюнча аны үйрөнүү процессинде окуу материалынын студенттер тарабынан өздөштүрүлүүсүн контролдоо.
8. Факультативдик дисциплиналар боюнча студенттер өздөрүнүн каалоосуна ылайык экзамендерди жана зачетторду тапшырышат жана булар ведомостко, зачет китепчесине жана дипломдун тиркемесине түшүрүлөт.
9. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестация ЖОЖдун окуу жылы үчүн окуу процессинин белгиленген тартипте ЖОЖдун жетекчиси (окуу иши боюнча проректору) бекиткен графигине ылайык өткөрүлөт.