Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-майындагы № 313 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-октябры № 603
"Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бекитилген "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасына, "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин натыйжалуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин бир пакет менен бир стратегиялык инвесторго сатуу боюнча инвестициялык конкурсту аныкталган тартипте өткөрсүн.
2. "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу боюнча инвестициялык конкурска даярдануу жана өткөрүү боюнча тиркелген негизги шарттар жана талаптар жактырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-октябрындагы № 603 токтому менен жактырылган |
"Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - ААК) конкурска коюлчу акцияларынын мамлекеттик пакеттеринин уставдык капиталдардын 80,49 проценти өлчөмүндөгү старттык нарктары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын чечимине ылайык аныкталат. ТЭЦтин мүлктүк комплексинин старттык наркы "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин чечимине ылайык аныкталат.
1. Конкурска катышууга төмөнкүлөр укуктуу:
- рынокто 5 (беш) жылдан кем эмес иштеген, ишмердик бедели жакшы жана жылдык жүгүртүүсү АКШнын 100,0 млн. (жүз миллион) долларынан кем эмес энергия компаниялары;
- ишмердик бедели жакшы жана тике инвестициялар боюнча АКШнын 100,0 млн. (жүз миллион) долларынан кем эмес тажрыйбасы бар жана энергетика рыногунда 5 (беш) жылдан кем эмес иштеген компаниялар/холдингдер - институттук инвесторлор;
- жогоруда айтылган талаптарга жооп берген компания курамына кирген консорциумдар.
2. Конкурска төмөнкүлөр катыша алышпайт:
- оффшордук зоналарда жана пошлинасыз соода зоналарында катталган юридикалык жактар же оффшордук зонада жана пошлинасыз соода зонасында катталган жана компанияда акцияларын/үлүштөрдүн 50 процентинен ашыгына ээлик кылган юридикалык жактар уюштуруучусу же катышуучусу болгон юридикалык жактар;
- мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана аракетке жараксыз деп мыйзамда белгиленген тартипте эсептелген жеке адамдар.
1. Өндүрүштүк иштин негизги багытын сактоо:
- Бишкек шаарынын ТЭЦи - электр жана жылуулук энергияларын чыгаруу жана 2009-2010-жылдарда күз-кыш мезгилинде 350 МВт өлчөмдөгү жүктөмдү камсыздоо үчүн 2009-жылы АКШнын 20,0 млн. (жыйырма миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө капиталдык салымды ишке ашыруу, ошондой эле тараптар менен макулдашылган график боюнча 2009-2012-жылдардагы мезгилде станциянын белгиленген 600 МВт кубаттуулукка чыгышын камсыздаш үчүн станцияны реконструкциялоого же турбоагрегаттарды алмаштырууга АКШнын 281,0 млн. (эки жүз сексен бир миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө капиталдык салымды ишке ашыруу;