Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 11-февралы № 85
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-бер.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 89-статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иштери боюнча товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү 10 күндөн, ал эми техникалык татаал товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн иш экспертизага келип түшкөн күндөн баштап бир айдан ашпашы керек.".