КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 208
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдерди “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы №410 “Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
16-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун башталышынын жана аякталышынын датасы.”;
17-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
“- баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номери;”;
“- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун башталышынын жана аякташынын датасы.”;
18-пункт “чыгарылышын” жана “чыгарылышынын” деген сөздөрдөн кийин “мамлекеттик” деген сөздөр менен толукталсын;
26-пункттун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) базалык номердин экинчи позициясы баалуу кагаздардын түрүн аныктайт, бул позициядагы цифра же болбосо тамга төмөнкүлөрдү билдирет:
1 - жөнөкөй аталыштуу акциялар;
2 - облигация;
3 - артыкчылыктуу акциялар;