Редакцияот 14.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 14-марты № 178

 

Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Облигацияларды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу тартибин белгилөө, аларды жүгүртүүдө пайда болгон мамилелерди бирдей жөнгө салууну камсыз кылуу, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 14, 36-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 "Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 "Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев