Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-апрели № 202
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиркелген отчету көңүлгө алынсын (мындан ары – Отчет).
2. Аталган Отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары – Өкмөт) 2013-жылдагы иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү учурдагы саясий тутумду өнүктүрүүдө, анын ачыктыгын жогорулатууда, жарандарга отчет берүүдө мыйзам ченемдүү процесс болуп саналат.
Өзүнүн ишинин негизги багыттарын аткаруу менен Өкмөт 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген 2013-жылга Иш-чаралардын планынын алкагында Өкмөт тарабынан аныкталган 2013-жылга негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын алгылыктуу динамикасына жетишүү боюнча балансташтырылган чараларды ишке ашырды.
Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү негизги соода өнөктөштөрүнүн – Россиянын, Казакстандын жана Кытайдын экономикаларынын өнүгүшүнүн байкалаарлык начарлашы; алтынга дүйнөлүк баалардын жогорулап өзгөрүп турушу (баанын 27,3 %га төмөндөшү) сыяктуу сакталып турган глобалдуу тобокелдиктердин жана жаңы пайда болгон потенциалдуу терс факторлордун фонунда болуп өттү.
Ушул шарттарда 2013-жылдын негизги жыйынтыгы болуп экономикалык өсүштүн олуттуу темптери 10,5 % деңгээлинде болду, ал негизинен өнөр жайлык өндүрүштүн, курулуштун көлөмдөрүн байытуунун жана айыл чарбасындагы өсүштүн озуп чыккан темптеринин эсебинен болду.
Экономика тармактарындагы өсүш өлкөнүн социалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы менен коштолду. Калктын кирешелери көбөйдү. 2013-жылы социалдык чөйрөнү каржылоого жана социалдык коргоого мамлекеттик чыгымдар көбөйдү, алардын салыштырма салмагы мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүнөн 2012-жылдагы 53,0 %дын ордуна 65,3 %ды түздү. Бекитилген параметрлердин алкагында социалдык милдеттенмелер аткарылды. 2013-жыл үчүн бюджеттин таңсыктыгы 2012-жылдагы 6,7%дын ордуна тиешелүү түрдө ИДПга карата 0,7 %ды түздү.
2013-жылга кабыл алынган экономикалык саясат жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө ылайык (Өкмөттүн жана КРУБдун 2013-жылдын 31-январындагы № 42/52/1 токтому) Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – КРУБ) натыйжалуу иш-аракеттери пландалган коридордо инфляциянын деңгээлин кармап калууга мүмкүндүк берди жана 2012-жылдын декабрына карата 4,0 %ды, ал эми анын орточо жылдык мааниси ушул мезгил үчүн 6,6 %ды түздү.
Отчетто саналган, 2013-жылы өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги параметрлерин чагылдыруучу маалыматтар башкы максатка жетүүгө – элдин жашоо-турмушунун абалын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн туруктуу векторуна чыгарууга багытталган 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (ТӨУС) милдеттерин ырааттуу ишке ашыруунун алкагында бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүүчү реформалардын натыйжасы болуп калды.
Өзүнүн программаларын аткаруу процессинде Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес уюмдардын секторлору, бизнес-коомдоштуктар менен активдүү кызматташты. Алар экономиканын түрдүү секторлорунда экономикалык саясатты тагыраак түзүүгө жардам беришти.
2013-жылы Өкмөт парламентке 118 мыйзам долбоорун киргизди. Биргелешкен конструктивдүү иштердин натыйжасында бүгүнкү күнгө карата 58 мыйзам кабыл алынды.
Бул Отчетто Өкмөттүн ишинин проблемаларын жана жетишкендиктерин көрсөтүү менен Өкмөттүн 2013-жылдагы иш процесстери жана натыйжалары баяндалды. Ошону менен социалдык-экономикалык болгон проблемаларды чечүү үчүн олуттуу иштерди аткаруу алдыда турат, бул 2014-жылы кыйла максатка багытталган мамлекеттик экономикалык саясат жүргүзүүнү талап кылат.
Өкмөт 2013-жылы координацияланган макроэкономикалык жана акча-насыялык саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында өлкөдө макроэкономикалык, финансылык жана социалдык туруктуулук камсыздалганын белгилейт.
Экономиканын реалдуу өсүшү 2012-жылдагы 0,1%га реалдуу төмөндөөнүн ордуна 10,5 %ды түздү. Жыл башында 7,8 % деңгээлиндеги болжолдолгон экономикалык өсүштүн максаттуу көрсөткүчү 2,7%га ашык болду.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун (ИДПнын) көлөмү 350 млрд. сом суммасында түзүлдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 5,8%ды түздү, 2012-жылы ушундай көрсөткүч 6,3 %ды түзгөн. Экономикалык өсүштүн негизги себеби өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көбөйүшү, айрым алганда Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда алтын өндүрүү көлөмдөрүнүн көбөйүшү, ошондой эле айыл чарбасында, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүштүн эсебинен болду. Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 64,1 миң сомду түздү жана өткөн жылга салыштырганда 8,3%га жогорулады.
Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү сакталып калган глобалдуу тобокелдиктердин жана жаңы пайда болгон потенциалдуу терс факторлордун фонунда болду, айрым алганда:
еврозонанын өлкөлөрүнүн ири экономикалары иш жүзүндө стагнация стадиясында болду, ошондой эле еврозонада макроэкономикалык кырдаалдын начарлоо ыктымалдыгы сакталды (ЭВФнын акыркы божомолу 2012-2013-жылдарда еврозонада экономикалык төмөндөөнүн уланышын – ИДПнын орточо 0,6 %га кыскарышын белгиледи);
Кытай экономикасынын өнүгүү динамикасы төмөндөдү, бул иш жүзүндө азыр да болуп жатат (2010-жылдагы 10,4 % өсүштөн 2013-жылы 7,7%га чейин төмөндөгөн);
АКШнын федералдык резервдик тутуму тарабынан сандык жумшартуу программасынын бузулушу, бул ири өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (Индия, Индонезия, Бразилия, Түркия) экономикаларына олуттуу сокку алып келди, алар капиталдын күчөтүлгөн агылып кетүүсүн баштарынан өткөрө башташты. Бул фактор дүйнөлүк экономиканын оңолуу келечегин татаалдаштырышы жана өнүгүп келе жаткан базарлардын динамикасын начарлатышы мүмкүн;
негизги соода өнөктөштөрү – Россиянын (2010-жылдагы 4,5% өсүштөн 2013-жылы 1,3 %га чейин) жана Казакстандын (2010-жылдагы 7,3 % өсүштөн 2013-жылы 5,2%га чейин) экономикаларынын өнүгүүсүнүн байкалаарлык бошоңдошу;
алтынга фьючерстердин өтө өзгөрүлмөлүүлүгү, баанын 27,3%га төмөндөшү (2012-жылдагы 1 унцияга 1657,5 АКШ долларынан 2013-жылы 1204,5 АКШ долларына чейин).
Республикада 2013-жылга экономикалык өсүштүн болжолдонуучу деңгээлине (107,8%) жетишилди жана иш жүзүндө 2,7 пайыздык пунктка ашык болгон.
1-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж., иш жүзүндө | 2013-ж., алдын ала иш жүзүндө | ||||||
млн сом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п.п. | млн сом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п.п. | |
ИДП | 310471,3 | 99,9 | 100 | -0,1 | 350028,4 | 110,5 | 100,0 | 10,5 |
Айыл чарбасы, балык чарбасы | 51719,7 | 101,2 | 16,7 | 0,21 | 53156,5 | 102,9 | 15,2 | 0,48 |
Өнөр жай | 48753,9 | 79,2 | 15,7 | -4,67 | 56323,6 | 134,5 | 16,1 | 5,41 |
Курулуш | 20166,3 | 129,7 | 6,5 | 1,46 | 23644,5 | 112,4 | 6,8 | 0,80 |
Кызмат көрсөтүү | 149083,4 | 106,5 | 48,0 | 2,92 | 166666,9 | 105,1 | 47,6 | 2,46 |
Продуктуга таза салыктар | 40748,0 | 99,9 | 13,1 | -0,01 | 50236,9 | 110,5 | 14,4 | 1,4 |