Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-апрели № 229

Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-

санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам

көрсөтүү жөнүндө

 

Калктын аялуу топторун социалдык жактан коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын колдонулушу 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 “Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктунда “2013-жылы” деген цифралар жана сөздөр “2013-2014-жылдары” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын, 2-пунктунда “2013-жылга” деген цифралар жана сөздөр “2013-2014-жылдарга” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын аталышында жана тиркемелеринде “2013-жылы” деген цифралар жана сөздөр “2013-2014-жылдары” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте медицина жаатындагы программаларды жана алардын колдонулуу мөөнөттөрүн ишке ашыруу бөлүгүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун киргизсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев