КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 6-майы № 246
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
"2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкү мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"рулдук башкаруусу сол тарабына жайгаштырылган транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук алкагы транспорт каражатынын жүрүү багытына карата сол жагына жайгашкан транспорт каражаты;
рулдук башкаруусу оң тарабына жайгаштырылган транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук алкагы транспорт каражатынын жүрүү багытына карата оң жагына жайгашкан транспорт каражаты;".