Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 28-майы № 287
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 31-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "о)", "п)", "р)", "с)" пункттары менен толукталсын:
"о) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэринин чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэри сунуш киргизгенде;