Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 3-июну № 299
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В. Никитенко, Г.А. Скрипкина, А.А. Сасыкбаева, Э.Б. Джумалиева, М.Б. Тиленчиева, Э.Б. Иманкожоева, Б С. Кадыров демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 299 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В. Никитенко, Г.А. Скрипкина, А.А. Сасыкбаева, Э.Б. Джумалиева, М.Б. Тиленчиева, Э.Б. Иманкожоева, Б.С. Кадыров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 295-беренесин жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды ишке кабыл алуунун квотасы иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет жана беш пайыздан кем болууга мүмкүн эмес деген ченем менен толуктоо сунушталган.
Бирок аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын мыйзам деӊгээлинде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренеси менен коллизияга алып келет, анткени Өкмөт жогоруда аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн өз ыйгарым укуктарынын негизинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосунда аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды бөлүштүрөт. Буга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн квота Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилене тургандыгын караштыруу зарыл.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 301-беренесин уюмду жоюунун же уюмдун кызматкерлеринин штатынын санын кыскартуунун негизинде иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган жумушчу балдар менен эмгек келишимин бузууга, иш берүүчүнүн эсебинен тиешелүү окутуп-үйрөтүү камсыз кылынган жана аталган адамдар ошол же башка уюмга ишке орноштурган учурда гана жол берилет деген ченем менен толуктоо сунуш кылынган.