Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 4-июну № 309
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматов демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 309 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматов демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгү менен жогоруда аталган Кодекстин 482-беренесин калыбына келтирүү жана жаңы редакцияда берүү сунушталат. Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси менен иш процессинде иш-аракеттердин түрлөрүнө уруксаттардын толук тизмеси белгиленгендигин, ага курулуш иштеринин өндүрүшүнө уруксат кирбегенин белгилөө керек. Жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесине ылайык жеке турак үйлөрдү курууну кошпогондо (I, II, III категориялардагы объекттер), курулуш-монтаждоо иштери лицензияланууга жатат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүн кайра кароону сунуштайбыз. Мында, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө берилген 482-берененин сунушталган редакциясы боюнча административдик жазалардын түрлөрүнүн бири болуп иштин белгилүү түрлөрү менен иштөөгө лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу эсептелээрин көңүлгө алууну сунуштайбыз.
Андан сырткары, жогоруда аталган Кодекстин 119, 123, 145, 167, 177, 180, 398, 4191-беренелерин “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүнү дагы кароонун зарылдыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын жоболорун кароо максатка ылайык келет деп эсептейбиз, анда Кодекстин аталган беренелерине шилтеме келтирилет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 36-главасына экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ведомстволук караштуу болгон административдик иштердин категориясын аныктоочу берене менен толуктоо сунушталат.