Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 26-июну № 354
Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279, 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтомуна 1-тиркеме |
Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологиясын колдонуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана жогорку, орто жана кошумча билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын (мындан ары - билим берүү программалары) ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын (мындан ары - аралыктан окутуу) колдонуунун тартибин аныктайт.