Редакцияот 20.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 20-августу № 471

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы

№ 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын

коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби

жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

 

Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мурдагы № 35 кесиптик лицейдин имараттарын жана курулуштарын билим берүү жөнүндө мыйзамда аныкталгандай эксплуатациялоо үчүн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 6-тиркеменин “Жайыл району” бөлүмүнүн “Ак-Башат айыл өкмөтү” бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

“

Мурунку №35 кесиптик лицейдин имараттары жана курулуштары , анын ичинде:

а) окуу корпусу

б) ашкана

в) окуу мастерскаясы

г) отказан

д) курулуш материалдар кампасы

е) № 1 жатакана

ж) № 2 жатакана

з) мончо

и) отказан

к) артезиан скважинасы

л) тазалоочу курулуш

м) спорт аянтчасы

н) канализациялык насос станция

о) өрткө каршы резервуар

п) курулушу бүтпөгөн объектилер

 

 

 

1

1

1

1

1

 

1

1

1

1

1

1

1

 

1

1

 

7

 

 

 

924103

66788

104199

49062

861

 

68836

68836

65400

5070

4008

1127

517

 

218

127

 

1372

”.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев