Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 токтому менен бекитилген |
1. Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) бирдиктүү принциптерин, уюштурулушун жана методикасын аныктайт.
2. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда ишке ашырылуучу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн түрү.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-карантиндик пункттарды (эл аралык катнаш үчүн ачык темир жол, автомобиль вокзалдары, бекеттер, аэропорттор, аэродромдор) (мындан ары - СКП) уюштурат.
4. Өткөрмө пункттарында аймакты санитардык коргоону камсыздоо боюнча иш-чаралар Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерде (2005-жыл), Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарын санитардык коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган ооруларга жана Шериктештиктин аймагына ташылып кирүүчү товарларга жана жүктөргө карата жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу оорулардын тизмеги ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык аныкталган.
6. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жарандыгына карабастан Кыргыз Республикасына келип жаткан жана республиканын аймагынан кетип жаткан адамдарга, ошондой эле мамлекеттик таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан унаа каражаттарына (аба кемелери, темир жол жана автомобиль унаасы) колдонулат.
7. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында текшерип кароонун башка түрлөрүнө чейин болот. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) ишке ашыруучу адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына кирерде унаа каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан экипаждардын (бригадалардын) мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, ташылуучу жүктөр жана товарлар турган бардык жайларга эркин кирүүгө укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы СКПны жана жугуштуу оорусу бар бейтапты убактылуу обочолонтуучу бөлмөгө жайгаштыруу үчүн тиешелүү жабдуулары бар зарыл болгон жайды, унааны, жабдылган санитардык аянтты, орунду бекер беришет. СКП телефон (интернет) байланышы, суу, канализация, жылытуу, электр менен камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти СКПнын ишин уюштурат жана аны контролдойт.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору жана анын чумага каршы бөлүмдөрү төмөнкүдөй маселелер боюнча консультациялык-методикалык жана практикалык жардам көрсөтүшөт:
- унаа ишканасынын аймагын, аба кемелерин зоологиялык-паразитологиялык текшерүү (кемирүүчүлөрдүн, курт-кумурскалардын жоктугун), патогендүүлүктүн I-II тобундагы микроорганизмдер жукканына шектүү материалды лабораториялык диагностикалоо;