Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 2-октябры № 573
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
19-апрелиндеги № 170 «Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы
төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызмат көрсөткөн реабилитациялоочу борборлордун кызматкерлеринин эмгек акысын тартипке келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 «Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта «кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «психоневрологиялык үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
экинчи абзацтагы «үй-интернаттарынын» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы «кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «(акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн) үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацтагы «кары-картаңдар» деген сөздөр «улгайган жарандар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: