Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 19-апрели № 170
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 632, 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 2013-жылдын 26-февралындагы № 97, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 713, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700, 2015-жылдын 1-апрели № 177, 2015-жылдын 7-апрели № 201, 16 июня 2015 года № 369 , 2019-жылдын 30-майындагы № 236, 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-майынан тартып улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн γй-бγлѳ тибиндеги балдар γйлѳрγнγн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана улгайган жарандарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлер үчүн базалык маяналар 1 жана 2-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- калкты социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары (3-тиркеме);
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, балдар (акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, социалдык стационардык мекемелеринин, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар (4-тиркеме);
- балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (5-тиркеме);
- чоң кишилер үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (6-тиркеме);
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (7-тиркеме);
- Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборунун администрациялык-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин типтүү штаттары (8-тиркеме).