Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 24-октябры № 614
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б. Орозова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын “24” октябры
№ 614 токтому менен жактырылган
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б. Орозова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” жана “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралууда.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин үчүнчү абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык мамлекет мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда балдарды багуу жана кароо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) кошо катышуусунда балдарды мектепке даярдоонун акысыздыгына кепилдик берет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык мектепке чейинки билим берүү - бул баланы турмушка жана мектепке алгачкы даярдоо, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү негизги максаты болуп саналган таалим-тарбия берүү тутуму экенин белгилөө зарыл.