Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 17-ноябры № 652
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, А.Б. Калматов жана Т.У. Шайназаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "17" ноябрындагы № 352 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары К.А. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, А.Б. Калматов жана Т.У. Шайназаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө, анда 2014-жылдын 1-январына чейин пенсияга чыккан прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн пенсияларына ай сайын төлөнүүчү кошумча акыларды:
15тен 20 жылга чейинки иш стажында - дайындалган пенсиядан 0,5 эсе өлчөмдө;
20дан 25 жылга чейинки иш стажында - дайындалган пенсиядан 0,75 эсе өлчөмдө;
25 жылдан жогорку иш стажында - дайындалган пенсиядан 1 эсе өлчөмдө белгилөө каралган.