Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2014-жылдын 24-ноябры № 669

"Энергетика жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республнкасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республнкасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуү тууралуу

1-берене

"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" 1996-жыл № XI) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

6-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: