Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2014-жылдын 26-ноябры № 677

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жвнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду "жана - езгертүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасыньн Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агептгиктин директору, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берγγ тутуму жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртγγлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берγγ тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2013-жылдын 29-октябры, № 87) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-берененин 2-бөлүгү "Лицензиялык талаптарга" деген сөздөрдөн кийин "экспорттук контролдоо боюнча талаптардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 9-берененин 1-пунктунун "б)" пунктчасы "карата" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33 - 35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2,12 - 14, 26 - 29 жана 37-пункттарында каралган уруксаттарга карата" деген сөздөр менен толукталсьш.