Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-декабры № 703

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

28-январындагы № 58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча

милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын

(өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин  негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-  1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев