Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 17-декабры № 709
"Кыргыз Республикасында инвестицнялар жөнγнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн корутундусу жѳнүндѳ
"Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында инвестициялар жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «17» декабрындагы № 709 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-берснесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-пунктун инвестор менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын. юридикалык жана жеке жактардын ортосунда тузүлүүчү келишим катары түшүнүлгөн "инвестициялык макулдашуу" түшүнүгүн ачып берген жана инвестициялык иштин атайын режимин караштырган 4-1-пункт менен толуктоо сунушталат.
Ошондой болсо да. жогоруда аталган Мыйзамдын, ошондой эле сунушталган долбоордун «инвестициялык иштин атайын режими» түшүнүгүн ачып бербегендигин белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу сунушталган толуктоо практикада ишке ашпай калат. Аталган атайын режим түшүнүгүн тактабай туруп белгиленген толуктоону киргизүү максатка ылайык келбейт.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө баяндалган. сунушталып жаткан 4-1-беренесинин редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү. ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тараптардын бири катары чыккан инвестициялык макулдашуу конкурс өткөрүү жолу менен түзүлөт.
Бирок Мыйзамдын долбоорунда конкурс өткөрүү аркылуу түзүлүүчү инвестициялык макулдашууларга карата талаптар белгиленген эмес, ошондой эле конкурс ѳткѳрүү тартибин аныктоо жана бекитүү боюнча ыйгарым укуктар компетенциясына кирген орган аныкталган эмес.