Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 10-январы № 3

“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене

“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2000-жылдын 2-февралы, № 11-12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “сактоо, сактоочу” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “куткаруу, куткаруучу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.