Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 6-февралы № 41
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгөртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1. 189-беренесинин 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2) уюмдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен анын жеке өндүрγштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз алган негизги каражаттарынын жана акча каражаттарынын наркы, ошондой эле аталган объекттердин баллы боюнча (мындан ары ушул бөлүмдө - социалдык-маданий багыттагы акысыз негизде алынган объекттер) пайдаланууну жана эксплуатациялоону ишке ашырган Кыргыз Республикасынын же жергиликтγү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбалык коомдордун жана/же адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз негизде алынган объекттердин (социалдык-маданий, турак жай-коммунаддык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандардын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын, гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын объекттеринин, гидротехникалык курулмалардын, суу алгыч курулмалардын, кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин, ошондой эле жер участокторун пайдалануу укугунун) наркы. Ушул берененин 2-пунктунда аталган адистештирилген уюмдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет;".