Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 12-февралы № 53

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж, № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 30-статьясынын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357 жана 358-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эсептѳшγү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357 жана 358-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.".