Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 13-февралы № 63
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 63 токтому менен жактырылды |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары менен жеке менчиктеги ишканаларга жана уюмдарга, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жана уюмдарга бөлүштүрүү боюнча белгиленген квотанын эсебинен жарандарды ишке кабыл алууда негизсиз баш тарткандыгы үчүн бирдей жоопкерчиликти белгилөө сунушталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин (мындан ары - АЖжК) 3-беренесинде белгиленген мыйзам алдында жарандардын тең укуктуулук принцибин жана укук бузуулардын курамдарынын бирдейлигин эске алып, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган АЖжКнын беренелерин бир беренеге бириктирүүнү сунуш кылабыз.
АЖжКнын сунуш кылынган 213-7 жана 252-1-беренелерине карата да ушундай эле сунуш айтабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-бөлүгү менен сунушталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо дареги боюнча шайлоо участкасында алардын добуш берүүсүнө тоскоолдук кылгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик АЖжКнын 59-беренесинде каралган жоопкерчиликти кайталайт.