Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-марты № 101
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын тизмеги ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 502 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон конверттерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана кайра конструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон конверттерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана кайра конструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеги ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
1-тиркеме
ЕАЭК ТЭИ ТН | Позициялардын аталышы |
2922 41 000 0(*) | Лизин жана анын татаал эфирлери; бул бирикмелердин туздары |
2930 40 900 0(*) | Башка метионин |
2930 90 160 0(*) | Цистеин же цистин туундулары |
2933 59 100 0(*) | Диазинон (ISO) |
2933 59 950 0(*) | Башкалары; түзүмүндө конденсацияланбаган триазиндик шакек камтылган (гидрирленген же гидрирленбеген) бирикмелер |
2934 99 900 0(*) | Аныкталган же аныкталбаган химиялык курамдагы нуклеин кислоталары жана алардын туздары, камтылган гетороциклдүү бирикмелер: башкалар |
2936 21 000 0(*) | А витаминдери жана алардын туундулары |
2936 22 000 1(*) | Кокарбоксилаза |
2936 22 000 9(*) | В1 витамини жана анын туундусу, башкалар |
2936 23 000 0(*) | В2 витамини жана анын туундусу |
2936 24 000 0(*) | Д-кислотасы же ДL-пантотен (ВЗ витамини же В5 витамини), алардын туундулары |
2936 25 000 0(*) | В6 витамини жана анын туундулары |
2936 26 000 0(*) | В12 витамини жана анын туундулары |
2936 27 000 0(*) | С витамини жана анын туундулары |
2936 28 000 0(*) | Е витамини жана анын туундулары |
2936 29 000 1(*) | В9 витамини жана анын туундулары |
2936 29 000 1(*) | Н витамини жана анын туундулары |
2936 29 000 9(*) | Башка витаминдер жана анын туундулары: башкалар |
2936 90 000 1(*) | Витаминдердин табигый концентраттары |
2936 90 000 2(*) | Витаминдердин аралашмасы, анын ичинде түрдүү эритүүчүдө |
2936 90 000 9(*) | Провитаминдер жана башка витаминдер |
2941 10 000 0(*) ичинен | Бензилпенициллин |
2941 10 000 0(*) ичинен | Оксациллин |
2941 10 000 0(*) ичинен | Феноксиметилпенициллин |
2941 10 000 0(*) ичинен | Башка пенициллиндер жана алардын пенициллин кислотасынын структурасындагы туундулары; бул бирикмелердин туздары |
2941 20 300 0(*) | Дигидрострептомицин, анын туздары, татаал эфирлер жана гидраттар |
2941 20 800 1(*) | Стрептомицин |
2941 20 800 9(*) | Башка стрептомициндердин туундулары; бул бирикмелердин туздары |
2941 30 000 1(*) | Окситетрациклин |
2941 30 000 2(*) | тетракциклин гидрохлориди |
2941 30 000 9(*) | Башка тетракциклиндердин туундулары; бул бирикмелердин туздары |
2941 40 000 1(*) | Тевомицетин |
2941 40 000 9(*) | Хлорафеникол жана анын туундулары; бул кошулмалардын туздары: башкалар |
2941 50 000 1(*) | Эритромицин |
2941 50 000 9(*) | Башкалар |
2941 90 000 1(*) | Канамицин сульфаты |
2941 90 000 2(*) | Линкомицин |
2941 90 000 9(*) | Эритромициндин башка туундулары; бул бирикмелердин туздары |
3002 10 100 9(*) | Иммундук башка сывороткалары |
3002 10 910 0(*) | Гемоглобин, кан глобулиндери жана сывороткалык глобулиндер |
3002 10 990 0(*) | Модификацияланган же модификацияланбаган иммунологиялык продуктылар, анын ичинде биотехнологиялык ыкмалар менен алынгандары, башкалар |
3002 30 000 0 | Ветеринардык вакциналар |
3002 90 900 0(*) | Башка токсиндер, микроорганизмдердин культуралары (ачыткылардан тышкары) жана ушул сыяктуу продуктулар |
3003 20 000 0(*) | Антибиотиктерди камтыган башка дары-дармек каражаттары |
3003 39 000 0(*) | Гормондорду же 2937-товардык позициядагы башка кошулмаларды камтыган, бирок антибиотиктерди камтыбаган дары-дармек каражаттары |
3003 90 000 0(*) | Башка дары-дармек каражаттары, эки же андан ашык компоненттердин аралашмасынан турган, чекене сатуу үчүн дозага бөлүнгөн дары формаларда же формада оролбогон же таңгакталбагандар |
3004 10 000 1(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары булар гана камтылган: ампициллин тригидрат же ампициллин натрий тузу же бензилпенициллин туздары жана бирикмелер, же карбенициллин же оксациллин же сулациллин (сультамициллин), же феноксиметилпенициллин, дары-дармек каражаттары |
3004 10 000 4(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары: пенициллин же анын туундулары, пенициллин кислотасынын структурасына ээ болгон, дозага бөлүнгөн дары же ченелип оролгон формада берилген, бирок чекене сатуу үчүн таңгакталбаган башка дары-дармек каражаттары |
3004 10 000 5(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары: пенициллин же анын туундулары, пенициллин кислотасынын структурасына ээ болгон, дозага бөлүнгөн дары же ченелип оролгон формада берилген, жана чекене сатуу үчүн таңгакталган башка дары-дармек каражаттары |
3004 10 000 6(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары стрептомицин сульфатты гана камтыган, дозага бөлүнгөн дары же ченелип оролгон формада берилген, бирок чекене сатуу үчүн таңгакталбаган дары-дармек каражаттары |
3004 10 000 7 (*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары стрептомицинди же анын туундуларын гана камтыган, дозага бөлүнгөн дары же ченелип оролгон формада берилген, бирок чекене сатуу үчүн таңгакталбаган башка дары-дармек каражаттары |
3004 10 000 8 (*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары стрептомицинди же анын туундуларын гана камтыган, дозага бөлүнгөн дары же ченелип оролгон формада берилген, чекене сатуу үчүн таңгакталган башка дары-дармек каражаттары |
3004 20 000 1(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары булар гана камтылган: амикацин же гентамицин, же гризеофульвин, же доксициклин, же доксорубицин, же канамицин, же фузидий кислотасы жана анын натрий тузу, же левомицитин (хлорамфеникол) жана анын туздары, же линкомицин, же метациклин, же нистатин, же рифампицин, же цефазолин, же цефалексин, же цефалотин, же эритромицин негиздери, оролгон формада же чекене сатуу үчүн таңгакталган дары-дармек каражаттары |
3004 20 000 2(*) | Башка антибиотиктерди камтыган, оролгон формада же чекене сатуу үчүн таңгакталган башка дары-дармек каражаттары |
3004 20 000 3(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары эритромицин негиздери же канамицин сульфаты камтылган дары-дармек каражаттары |
3004 20 000 9(*) | Башка антибиотиктерди камтыган дары формасында дозага бөлүнгөн башка дары-дармек каражаттары |
3004 31 000 0(*) | Инсулин камтылган дары-дармек каражаттары |
3004 32 000 1(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары флуоцинолон гана камтылган чекене сатуу үчүн формада оролгон же таңгакталган башка дары-дармек каражаттары |
3004 32 000 9(*) | Кортикостероид гормондорун, алардын туундуларын жана түзүмдүк аналогдорун камтыган башка дары-дармек каражаттары |
3004 39 000 1(*) | Башка гормондорду же 2937-товардык позициядагы кошулмаларды камтыган, бирок антибиотиктерди камтыбаган чекене сатуу үчүн формада оролгон же таңгакталган башка дары-дармек каражаттары |
3004 39 000 9(*) | Башка гормондорду же 2937-товардык позициядагы кошулмаларды камтыган, бирок антибиотиктерди камтыбаган башка дары-дармек каражаттары |
3004 40 000 1(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары: натрий кофеин-бензоаты, же ксантинол никотинат, же папаверин, же пилокаргага, же теобромин, же теофиллин камтылган дары-дармек каражаттары |
3004 40 000 9 (*) | Алколоиддерди же алардын туундуларын камтыган, бирок гормондорду, 2937-товардык позициядагы кээ бир кошулмаларды же антибиотиктерди камтыбаган башка дары-дармек каражаттары |
3004 50 000 1(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары, булар гана: аскорбин кислотасы (С витамини), же никотин кислотасы, же кокарбоксилаза, же никотинамид, же пиридоксин, же тиамин жана анын туздары (В1 витамини), цианокобалами (В12 витамини) камтыган дары-дармек каражаттары |
3004 50 000 2(*) | Башка витаминдерди жана 2936-товардык позициядагы кошулмаларды камтыган чекене сатуу үчүн формага келтирилип оролгон же таңгакталган дары-дармек каражаттары |
3004 50 000 5(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары альфа-токоферол ацетат (Е витамини) гана камтылган дары-дармек каражаттары |
3004 50 000 6(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары: кокарбоксилаза же аскорбин кислотасы (С витамини), же цианокобаламин (В12 витамини) камтыган дары-дармек каражаттары |
3004 50 000 8(*) | Башка витаминдерди жана 2936-товардык позициядагы кошулмаларды камтыган башка дары-дармек каражаттары |
3004 90 000 1(*) | Йод же йод бирикмелери камтыган чекене сатуу үчүн формага келтирилип оролгон же таңгакталган дары-дармек каражаттары |
3004 90 000 2(*) | Терапевтикалык же профилактикалык максаттарда колдонуу үчүн, аралаш же аралашпаган продуктулардан турган, чекене сатуу үчүн дозага бөлүнүп оролгон же таңгакталган дары-дармек каражаттары |
3004 90 000 5(*) | Йод же йод бирикмелерин камтыган дары формасында дозага бөлүнгөн |
3004 90 000 6(*) | Негизги таасир берүүчү заттар катары: ацетилсалицил кислотасы, же парацетамол, же рибоксин (инозин), же поливинилпирролидон гана камтылган дары формасында дозага бөлүнгөн дары-дармек каражаттары |
3004 90 000 9(*) | Терапевтикалык же профилактикалык максаттарда колдонуу үчүн, аралаш же аралашпаган продуктылардан турган, дары формасында дозага бөлүнгөн башка дары-дармек каражаттары |
3006 30 000 0(*) | Рентгенографиялык текшерүү үчүн контрасттык препараттар; дарттапма реагенттер, бейтаптарга берүүгө багытталган |
3822 00 000 0(*) | Диагностикалык реагенттер же лабораториялык кошумчасы менен, даяр реагенттер кошумчасы менен же кошумчасыз, 3002 же 3006 товардык позициядагы товарлардан тышкары; тастыкталган эталон материалдары |