Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 10-марты № 105
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жаңы курулуш объектилерин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги энергетикалык компаниялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана шаарлардын мэриялары менен бирдикте:
- эң эле көйгөйлүү участокторду (зоналарды, региондорду) аныктоо максатында инженердик тармактарды; аймагында жаны керектөөчүүлөрдү кошуу мүмкүн болбогон участокторду; бош кубаттуулуктары бар участокторду инвентаризациялоону жүргүзсүн жана 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ар бир региондо инженердик инфратүзүм тармактарынын башкы схемасын иштеп чыксын:
- 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө инженердик тармактарды өнүктүрүү пландарын иштеп чыксын жана бекитсин.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги:
- 2015-жылдын 31-июнуна чейинки мөөнөттө Отун-энергетикалык комплекстин тармактарынын мисалында объекттердин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык кошулуусу үчүн төлөөнү аныктоонун тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө ай сайын отчет берсин.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: