Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2015-жылдын 11-марты № 113

"Айыл чарбасын каржылоо - 3" долбоорун бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 226, 2015-жылдын 27-августундагы № 607 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2015-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мал чарбачылыгын жана айыл чарбасынын кайра иштетүүчү секторун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Айыл чарбасын каржылоо - 3" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен Кызматташтык жөнүндө меморандумду жана пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;

- субсидиянын биринчи траншын 2015-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыласын;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиянын экинчи траншын төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

"Айыл чарбаны каржылоо - 3" долбоору